Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Атамбаев бүгүн Москвага иш сапар менен барат


Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Москвада эки күн болуп, орус бийлик өкүлдөрү менен жолугушат. Премьер-министрдин кеңешчиси Фарид Ниязов “Азаттыкка” иш сапардын жүрүшүндө Орусиядан Кыргызстанга кошумча бажы төлөмү жок күйүүчү май алып келүү маселеси чечилери ыктымалдыгын билдирди. Атамбаев ошондой эле бул сапары учурунда “Кыргызгазды” Орусияга берүү, “Дастан” ишканасынын акциясын Кыргызстандын Орусияга мурдагы карызына алмашуу, энергетика тармагындагы долбоорлор, коопсуздукка байланыштуу маселелерди талкуулашы ыктымал. (EBM)

XS
SM
MD
LG