Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Залкар инсан Салижан Жигитов эскерилүүдө


Залкар жазуучу жана терең ойчул, публицист Салижан Жигитовдун туулган күнүнө жана 75 жылдыгына арналган иш-чара Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлүүдө. Ага Жигитовдун замандаштары, университеттин жамааты катышууда.

Кыргызстандын илим жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин доктору, профессор Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Өзгөн районундагы Көлдүк кыштагында туулган.

Ал 300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору. Бир катар адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин, президентинин кеңешчиси, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси, "Азаттык үналгысынын" Бишкектеги бюросунун жетекчиси, Кыргыз улуттук университетинин профессору, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору өңдүү кызматтарды аркалап келген. Ал 2006-жылы 11-февралда дүйнө салган. (KKs)

XS
SM
MD
LG