Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

"Мегакомдун" 100 пайыз акциясы мамлекеттин көзөмөлүндө болот


Мамлекеттик мүлк министринин орун басары, Улутташтырылган мүлктү башкаруу фондунун директору Даир Кенекеев бүгүн АКИпресс агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, азырынча “Мегаком” байланыш операторунун 100 пайыз акциясы мамлекеттин көзөмөлүндө болоорун билдирди. Анын айтымында, Убактылуу өкмөттүн декрети менен компаниянын 49 пайызы улутташтырылган. Калган 51 пайызына расмий түрдө эч ким ээлик кыла элек. “Ушул тапта 51 пайыз акциянын ээси экендигин билдирген бир катар компаниялар бар. Аларды сот далилдеп чыкканча, мамлекет акцияларды көзөмөлдөп турат.”,-деп билдирди Кенекеев.

Апрель окуясынан кийинки улутташтыруу жараяны учурунда “Мегакомдун” ээси “Альфа Телеком” ишканасынын 49% акциясы мамлекеттин колуна өткөн. Ал эми негизги көзөмөл акциясына Орусиянын Penwell Business Limited компаниясы ээлик кылаары кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG