Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Бишкекте Аксы окуясы эскерилди


Бүгүн Аксы окуясына тогуз жыл болду. Бул окуяны эскерүү жана курман болгондорго куран окуу иш-чарасы Бишкектеги Тарых музейинде өттү. Ага Президенттин администрация башчысы Эмилбек Каптагаев, Азимбек Бекназаров баштаган коомдук ишмерлер, шаар тургундары катышты.

2002-жылы 17-мартта Жогорку Кеңештин ал кездеги депутаты Азимбек Бекназаровдун камалашына нааразы болгон шайлоочулары Аксы районунун борбору Кербенге жөнөшкөн. Аларды Боспиек айылына жакын жерде бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери токтоткон. Ал жерде тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин огунан беш киши каза болгон. 18-мартта Кербенде дагы бир бала атылып, ондогон адамдар жарадар болгон, уруп-согулган.

Аксы окуясы боюнча соттук териштирүүлөрдү Бишкек аскер гарнизондук соту карап жатат. Бул иш боюнча Аксы окуясы маалында коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган Болот Жанузаков, ошол кездеги башкы прокурор Чубак Абышкаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов жана ал убактагы Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жетекчиси Таштан Мамбеталиев күнөөлөнүп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG