Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Ак үйдүн алдына чыккандар мэрияга келди


Ош базарындагы 200гө жакын күркө ээлери жана сатуучулар Бишкек шаардык мэриясынын алдына чогулушууда. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, чогулгандар мэрия өкүлдөрүнүн чыгышын, суроолоруна жооп беришин талап кылып жатышат. Сатуучулар Ош базарынын тегерегиндеги күркөлөрүнүн алынышына каршы болушууда.

Бүгүн митингчилер алгач Ак үй алдына (азыркы Жогорку Кеңештин имараты) митингге чыгышып, премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин, Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун келишин талап кылышкан. Айрымдары Ак үйгө кирүүгө, Чүй көчөсүн тосууга аракеттенишкен.

Жыл башынан бери Бишкек мэриясы Ош базарынын тегерегинде тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Мэрия базардын тегерегиндеги, мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдүн бардыгы алынып, башка базарларга көчүрүлө тургандыгын билдирип келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG