Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

“Республика” фракциясы баш прокурорду кызматтан алуу демилгесин көтөрүүдө


“Республика” фракциясынын депутаттары бүгүнкү жыйынында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовду кызматтан алуу демилгесин көтөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мындай демилге көтөрүлүшүнө “Мегакомдун” ээси - “Альфа Телеком” ишканасынын айланасындагы шектүү иштерге Кубатбек Байболовдун жана анын жубайы Нуржамал Байболованын катыштыгы бар деген маалыматтар себеп болууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, бул айтылгандарга жана “Мегакомдун” айланасындагы соңку жагдайларга байланыштуу бүгүн Кубатбек Байболов журналисттерге түшүндүрмө бермекчи.

16-мартта “Альфа Телеком” компаниясынын тышкы башкаруучусу Азамат Мурзалиевдин юридикалык иштер боюнча орун басары Илим Карыпбеков Башкы прокурор Кубатбек Байболовдун жубайы Нуржамал Байболованын “Мегакомдогу” шектүү операцияларга катыштыгы бар экендиги тууралуу билдирип чыккан. Бул иштерди далилдеген документтер өлкө президентине жөнөтүлгөнү кабарланган.

Документтерде “Сарамжал Транс” компаниясы аркылуу “Альфа Телекомдон” 400 миң доллар өлчөмүндөгү каражат башкы прокурордун жубайына таандык “Broodmaster - Bishkek” компаниясына шектүү жолдор аркылуу өтүп кеткени айтылган. Нуржамал Байболова болсо мындай айыптоолор негизсиз экендигин “Азаттыкка” билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG