Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Качып кетти делген мурдагы баш прокурор кайтып келди


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, апрель окуясы боюнча айыпталып жаткан мурдагы Баш прокурор Нурлан Турсункулов Кыргызстанга кайтып келди. Ал 4-мартта Бишкек гарнизондук аскер соту тарабынан баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына алынат деген чечим чыккандан кийин келип, эми 18-мартта улана турган апрель окуясы боюнча сотко катышмакчы. Турсункуловдун кайсыл жактан келгени белгисиз. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыктай элек.

Рысалиев билдиргендей, Нурлан Турсункулов ноябрь айында качып кетти деп айтылгандан кийин, апрель окуясын караган сот аларды камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Бирок жакында анын жактоочусу Виталий Остриков Турсункуловду камакка албай, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек гарнизондук аскер сотуна кайрылган. Сот бул өтүнүчтү 4-мартта карап чыгып, Турсункуловду үй камагына алуу чечими чыккан.

Жапырт адам өлтүрүүгө көмөктөшкөн деген айыптар коюлган мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов, мурдагы президенттин катчылыгынын башчысы Оксана Малеваная, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевдер өткөн жылдын 22-ноябрында апрель окуясы боюнча сот жараянына келишкен эмес. Андан соң алар үй-бүлөлөрү менен качып кеткени анык болгон. Мындан улам аларга издөө жарыяланып, камакка алуу боюнча сот өкүмү чыккан болчу. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG