Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Апрель окуясы боюнча сотко даярдык бүттү


Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сот жараяны өтө турган жерлер даярдалып, коопсуздукту камсыз кылуу иштери дээрлик жыйынтыкталды. Соттун жүрүшүн чагылдыра турган журналисттер үчүн атайын монитор орнотулду. Маалыматка ылайык, сот процесси Мамлекеттик жаза өтөө кызматына караштуу Жаза өтөө департаментинин залында өтмөкчү. Коопсуздукту камсыздоо максатында соттук процесстин бардык катышуучулары тизме боюнча гана сот залына киргизилет.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиев, Марат Бакиев, Максим Бакиев, Мурат Суталинов, Данияр Үсөнов баштаган 28 чиновникке кылмыш иши козголгон. Иш тергелип бүткөн соң аны Бишкек гарнизондук аскер соту карай баштаган. Сот жараяны Бишкектеги спорт сарайында жүрүп, 30-ноябрдын таңында спорт сарайдын жанындагы жардыруудан соң ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG