Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

Бахрейнде оппозиция өкүлдөрү камакка алынды


Сунилер бийлеген өлкөдө шийиттер басымдуулук кылган нааразылык акциясында коопсуздук күчтөрү аз дегенде алты оппозиция лидерин кармап кетишти. Саясий реформа талап кылган демонстранттар бул арал-өлкөдө бир нече аптадан бери нааразылык акциясына чыгып келатышат. Кечээ коопсуздук күчтөрү аларга каршы танк, тик-учмаларды колдонгондо эки демонстрант, эки тартип коргоочу көз жумду. Бахрейндин падышасы үч айга чукул абал жарыялап, баш калаа Манамада коменданттык саат киргизди. Саударабиясы Бахрейн бийлигинин өтүнүчү менен өлкөгө аскер жиберди. АКШнын президенти Барак Обама демонстранттарга карата күч колдонулушуна терең тынчсыздануу билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG