Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

Казак түрмөсүнүн директору иштен алынды


"Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, Казакстандын түндүгүндөгү Кустанай областындагы түрмө башчысы Сергей Громченко айыпкерлерге ыдык көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлардан кийин кызматынан бошотулду. Түрмө жана камак жайларын көзөмөлдөө комитетинин маалымат кызматына ылайык, убактылуу жетекчиликке Дидар Смагулов келди. Оппозициядагы Социалисттик кыймыл ушул дүйшөмбүдө бул түрмөгө ишемби күнү аскер жиберилгенин айтып чыккан. Кыймылдын ырасташынча, түрмөдөгү айыпкерлердин бардыгы аянтка чогултулуп, көмкөрөсүнөн жатууга мажбурланган. Алардын айрымдарынын туугандарына кирүүгө уруксат берилген эмес. Көзөмөл комитети бирок аскер келди деген ырастоону четке кагып, абал тынч экендигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG