Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Жапониянын Фукусимадагы АЭСинде авариялык иштер уланууда


Жапониянын “Фукусима Даийичи” атомдук электростанцияда экинчи реакторго электр энергиясы жеткирилген. Эми анын муздаткыч системасы иштеп, авариялык абалдагы ишти бир топ жеңилдетет дешет адистер. Реакторлорду муздатыш үчүн дале тик учактар менен тонналар суу деңизден алынып, чачылып жатат.

Туура бир апта мурун, өткөн жума күнү өлкөдө катуу жер титиреп, андан кийин цунами каптаганда бул АЭС оор жабыркаган. Ошондон бери анын бир нече реакторунда жарылуулар болду, муздаткычтары иштен чыкты. Муздаткыч болбосо, реакторлор ысып кетет да, радиация кеңири жайылып кетмек. Радиациялык абалды Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) дале оор деп баалап жатат. Ошондуктан соңку күндөрү ал жердеги операторлор реакторлорду муздатып туруш үчүн деңизден суу алып, чачып жатышат. Жалпы өлкө боюнча өткөн аптадагы жаратылыш кырсыктарынан өлгөндөрдүн расмий саны 6405 адамга жеткени айтылууда. Миңдеген адамдар жоголуп кеткен.

XS
SM
MD
LG