Линктер

жума, 20-январь, 2017 Бишкек убактысы 22:36

Пакистан өкмөтү АКШдан кечирим сурашын талап кылды


Пакистанда абадан урулган соккуда куралчан козголоңчулар эмес, карапайым тургундар өлгөнү үчүн АКШ кечирим сурашын расмий Исламабад талап кылып жатат. Чабуул Түндүк Вазиристанда кечээ болгон. Алгач анда өлгөндөрдүн көбү козголоңчулар экени айтылган эле. Бирок Пакистандын өкмөтү кийин атайын билдирүү таратып, анда ракета козголоңчуларга эмес, уруу аксакалдарынын кеңешине тийгенин, ал жерде 35 адам мүрт кеткенин кабарлады. Өлкөнүн тышкы иштер министри, премьер-министри жана армия жетекчиси бул үчүн расмий Вашингтон кечирим сурасын деп, нааразылык билдиришүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG