Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү тууралуу серепчи Турат Акимов “Азаттыкка” ой бөлүштү.

“Азаттык”: Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү кайрадан жанданып атат. Биринчисинде бул сот жараянга сын-доомат айтылып, саясий-шоуга айланып калды деп баалагандар болду эле. Бул жолу олуттуу каралат деп ишенесизби?

Турат Акимов: Эми бул жерде процесстердин баары чоюлуп калган. Күнөөкөрлөр табылат дейт. Ушунча убакыттан бери табылбагандан кийин эми эч ким деле табылбайт. Бул чечилбеген нерсе чечилбеген бойдон кала берет. Бул көз жумду, бармак басты менен бүтөт. Анан баягы "альфачыларды" соттойт, бирок эртеси шарттуу жаза берет, ырайым берет же чыгарып жиберет. Же сот аркылуу булардын толугу менен күнөөсү жок экен дешет.

Эми бул жерде азыркы бийликтин соттой алганга моралдык деле укугу жок. Анткени кечээ эле соттун тергөөсүндө жүргөн бир жоокер – Бабараимов жок жерден каза тапты. Тергөөнүн астында жүрсо дагы байкуш кыргыз элинин кызматын аткарам деп жок жерден өлүп калды.

Биздин сот органдары, күч органдары өздөрү ушундай мыйзамды бузуп, сотто жүргөн кишини кайта эле курал берип атат. Эртең куралды берет, кайта алат кыргызча эле кенебестик менен оокат болуп калды.

Менимче буларды соттоодон майнап чыкпайт. Соттогондон кыргыз эли деле жарыбайт, балдарын жоготкон ата-энелер деле ыраазы болбойт. Чоң саясий күнөөкөрлөр жок болгондон кийин колго түшкөн бечара өздөрүнө окшогон балдарды соттогондон алар деле жарыбайт.

“Азаттык”: Сиз айткандай сот залында кылмышка шектүү деген чоң-чоң фигуранттар жок, сыртта жүрөт. Айыпталгандардын башында турган мурунку президент Курманбек Бакиевди Белорус бербей жатат, анын тууганы Жаныш Бакиевдин кайда экенин эч ким билбейт. Мындай шартта негизи кадам кылыш керек эле, кырдаалдан чыгуу үчүн?

Турат Акимов: Эми ушул “Альфанын” командири бар. Алмаз Жолдошалиев командири болгондон кийин өзүнүн милдетин билип, күнөөсүн мойнуна алышы керек. “Ооба, мобул балдардын баары менин кол астымдагы кызматкерлер. Операция башталганда эле бизди каякка жибергеним билдим эле”, деп айтышы керек. Мисалы мындай да, “Альфанын” негизи боюнча булар жалан террористтик иш-чаралар менен диверсияга каршы күрөшүш керек. Анан "Форумдун" астында тынч жыйын болот экен десе эле куралчан бара берген болбойт. Алар айтышы керек эле: ал жерде терракт болбосо, диверсия болбосо, опреативдүү маалымдама жок болсо анда эмнеге барабыз деши керек эле. Же ошол тынч жыйынды көргөндөн кийин, куралды жоготпой, ошол жерден тополоңго түшпөй таптакыр качып кетиш керек болчу.

Ал жерде “Альфага” туура келген, тиркелген эч кандай окуялар болуп аткан жок. Өзүнчө эле тынч жыйын экен, бир-эки көрүнүктүү айымдар кыйкырып атат. Калгандары жок, башкалары жөнөкөй элдер экен, куралчан эмес, элди атып аткан жок, диверсия, терракт өткөргөн жок деп түшүнүш керек да.

Эми баары кыргызча бечаралык, кенебестик менен болуп калыптыр, эми эл алдына чыгып эле кадимкидей кечирим сурасын. Ушундай болду, күнөөбүз бар деп айтсын. Биз ушинтип куралдарыбызды алдырып, тигилер куралданып алып Ак үйгө барып, ал жактан атуулар башталып деп айтсын. Эми азыр мындай кылбаса, баары эле күнөөсүз болсо, анда айланайын ким күнөлүү?

Жалаң саясатчылардын күнөөсү бар десек, эми алар күнөөсүн тартпайт экен. Колго түшпөйт экен. Баары кыргызча болуптур, эми баарын кыргызча эле бүтүрүп салышсын. Эми мыйзам чегинде иш кылалы десе иш болчудай эмес. Биздин мурда жазылган мыйзамдар ушундай кырдаалга деле кептелбептир. Ошондуктан чоңдор соттолбогондон кийин аткаруучуларды жазага тартуу болбойт да.

“Азаттык”: Апрель окуялары боюнча сот процесси Спорт ордосунда башталып, бирок анын жанындагы жардыруудан кийин белгисиз мөөнөткө жылдырылды эле. Бул ирээт коопсуздук жетиштүү көзөмөлдөнөт деп ойлойсузбу?

Турат Акимов: Мен ошол сот процесси башталганда эле айттым эле. Спорт сарайга эл каалашынча барсын, экран коюп берсин, бирок сот өзү булардын баары аскерий болгондон кийин жалаң аскер соту, аскер прокуратурасы карап, далилдеп изилдеш керек. Анан 2000-жылы Куловдуку кандай болду эле. Куловдуку жабык, Башкы прокуратурада өткөн. Муну да так ошондой кылыш керек.

Аскердик адамдарды аскердик трибунал, аскердик комиссариат жана аскердик сот менен чечиш керек. Анан буларды алып чыгып, элге пилди көрсөткөндөй кылып, элдерге талатып, ызы-чуу кылгандын кереги жок эле. Эл менен соттолгондорду бириктирип салбай эл ошол жерде отура берсин, сот процессин аскердик прокуратуранын чоң залында өткөрө берсин. Антпесе албетте тополоң болот, бири-бирине кол салып баштайт.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG