Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Атамбаев Орусия менен аскердик-техникалык кызматташтыкты талкуулады


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Орусияга жасаган иш сапарынын алкагында, Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча Орусиянын федералдык кызматынын директору Михаил Дмитриев менен жолукту. Анда эки өлкө ортосудагы аскердик техникалык байланыш жана Борбор Азиянын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууга алынды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар аталган багыттарда кызматташуу боюнча келишимге жетишишти.

Бүгүн Алмазбек Атамбаевдин орус премьер-министри Владимир Путин менен жолугушаары күтүлүүдө. Атамбаевдин Орусияга иш сапары 17-мартта башталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG