Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Кылмыштуу топтун мүчөсү деп кармалгандар 118ге жетти


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан «Азаттыкка» билдиришкендей, жыл башынан бери уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү делген 118 адам кармалды. Алардын 108и камакка алынса, калгандары үй камагына чыгарылган. Бул кармалгандардын ичинен 17 адам кылмыш дүйнөсүндө оорчунду орун элегендер деп эсептелет.

Февраль айында Ички иштер министрлиги Кыргызстандагы уюшма кылмыштуу топтор жарым жылда көзөмөлгө алынарын кабарлаган. Өлкө президенти Роза Отунбаева болсо Кыргызстанда төрт негизги уюшма кылмыштуу топ бар экендигин, аларда 300 чамалуу мүчөсү бар экенин айткан эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG