Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Жапон агенттиги ядролук кризистин коркунучун жогорулатты


Жапониянын ядролук коопсуздук агенттиги өлкөдөгү ядролук кризистин рейтингин бирге жогорулатып, бешке чыгарды. Бул “Фукусима” АЭСинде 11-мартта болгон жардыруу Чернобыль кырсыгынан берки эң чоң ядролук алаамат дегенди билдирет. Эл аралык чен өлчөмдө 7 рейтинги эң бийик деп эсептелет.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭнин башчысы Юкио Амано 18-мартта “Фукусима” АЭСин стабилдештирүү боюнча күрөштү “убакытка каршы жарышуу” деп сыпаттады. Жапон адистери АЭСтин ашыкча кызып кеткен реакторуна тонналап суу куюп, муздаткыч системасын кайра иштеткенге аракет кылышууда.

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча 11ден 46 мүнөт өткөндө жапон эли өткөн жумадагы жер титирөө менен цунамиде курман болгондорду эскеришти. Жаратылыш кырсыгында 16 600 адамды жалмап кеткенин, анын ичинен 6,5 миң адамдын сөөгү табылганын жапон бийликтери тастыктады.

XS
SM
MD
LG