Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

“Эл үнү”: Коалиция, жолбун ит...


Кыргыз парламенти. 10-февраль,2011-жыл.
Кыргыз парламенти. 10-февраль,2011-жыл.

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандардын көпчүлүгү парламенттик коалицияны ыдырабоого, ич-ара талашып-тартышпай элдин тагдыры, мамлекеттин келечеги менен ойнобоого үндөштү.

Бириндебей бириккиле!

Бишкек, Атыркүл Ибрагимова:
Азыркы мезгилде биз башкаруунун парламенттик жолун тандап алдык. Ошондой болсо дагы парламенттеги бириккен коалиция өз алдынча иш алып бара албай жатат? Эмне үчүн коалициянын бузулушуна айрым чиновниктер, бийлик төбөлдөрү кызыкдар болуп жатат? Мен коалициянын ыдырашына каршымын. Эгерде азыркы коалиция тараса кайра түзүлүүчү коалицияга келүүчү адамдар «беш манжадай» белгилүү. Алар деле мурда бийлик бутактарында иштеп келишкен. "Сынык арабаны" алар деле сүйрөп кете алышпайт. Андан көрө саясатчыбыз дегендер талашып-тартышып, бөлүп-жарбай азыркы парламенттик коалициянын толук кандуу иштешине шарт түзүп берүүлөрү керек.

Нарын, Болот: Парламент качан бөлүнүп кетет деп эле элдин баары чочулап жатышат. Менин таңгалганым парламентте мыйзам чыгаруучу адамдар отургандан кийин, алар амбицияга алдырбай эле мыйзам чыгарып коюп отура беришпейби. Экинчиден, парламентке 120 депутатты шайлап алдык. Телевизордон карасаң 20 чакты эле депутат сүйлөйт экен. Калганы робот сыяктуу коалиция тиякка, коалиция биякка деп кол көтөрүп отура беришет экен. Ушуну токтотсо болот эле. Анан дагы парламенттеги айрым депутаттар «машинесине май куюп берсин» деген маселе коюшту. Мен алардан аз айлык 5 миң сом алам. Анан жумушка доомат артып, «машинеме май куюп бергиле» деп отуруп алсам эмне болот? Депутаттар деле жумушка троллейбус, автобус, маршрутка менен эле келип кетишсин. Өткөндө семинар болуп Латвиядан келген депутаттар жумушка эл катары эле коомдук транспорт менен барышарын, жумуш маалында дүкөнгө же базарга барса массалык маалымат каражаттары "иштебей көчөдө жүрөт" деп ызы-чуу чыгарып жазып чыгышарын айтты. Биздин депутаттар алардан өзгөчө бекен.

Бишкек, Капарбек Самиев: Эр жигит элим деп жашабаса,
Эмгегин эл-журтуна арнабаса.
Алданган, арыган эл кайда барат,
Арсыздарга тебеленип кайда барат?
Кыргыз болуп туулуп, кыргыз туугандарынын келечегин, эртеңкисин ойлобогон, бул дүйнөнү жүрөгү менен эмес, көзү, напсиси менен тааныган чиновник, депутат, саясатчы өзүңөрдүн ордуңарды, руханий жана интеллектуалдык дараметиңиерди билип алып иш кылбайсыңарбы. Силер жаңы коалициялык өкмөткө жардам берип, өлкөнүн экономикасын оңдогонго иш аракет кылгыла.

Базар-Коргон, Төрөкан Алимов: Элдердин ортосундагы достукту мындан ары жакшы жолго коё албай жаткандагы себеби, бүгүнкү бийлик улуттар аралык достукту чыңдоо иштерин өз деңгээлинде жүргүзө албай жатканынан улам болсо керек деп ойлойм. Анткени министрликтер, мамлекеттик кызматкерлер Бишкектен чыкпай, жер-жерлерде иш алып барышпай, шаардагы төрт райондун жана Бишкектин айланасындагы эл менен үгүт иштерин жүргүзүү менен чектелүүдө. Атка минерлер эгерде мамлекеттеги көп улуттуу элдин ынтымагын ойлошсо өлкөнүн 70 пайыз калкы жашаган элет жерлерине барып, түшүндүрүү, үгүт-насыят иштерин жүргүзүү керек.

Жолбун иттер көбөйдү

Кара-Кулжалык бала кароолчусу менен. 25-июль,2010-жыл
Бишкек, Советкүл Бексултанова:
Азыр Бишкек шаарында жолбун иттер көбөйүп кетти. Бештен-алтыдан болуп тобу менен жүрүшөт. Неберелерибизди мектепке жибергенде сарсанаа болуп отурабыз, иттер тиш салып жибербесе экен деп. Окуучулар окуусуна эрте кетет, кеч келет, көчөдө жалгыз кары-картаңдар өтөт, ошолорго жанагы жолбун иттер кол салбаса экен. Мына ушул маселени шаар жетекчилиги тез арада чечкенге аракет кылса жакшы болоор эле. Анан дагы көп кабат үйлөрдө үч-төрттөн ит баккандар бар. Алардын жыты подьезди сасытып, кишини иренжитет. Ит ээсине бирдеме десең «ишиң болбосун»- дейт. Алар ветеринардык кароодон өтөбү, өтпөйбү текшерген киши жок. Жолбун иттерди жоготуу маселесин алдын ала албаса болбойт. Кокус кутурма болгон иттер адамдарга кол салса, андан кийин «кокуйлап», ызы-чуу түшкөндөн не пайда.

Урматтуу окурман, эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, "Эл үнү” программасына деп аты-жөнүңүздү айтып туруп, авто жооп телефонуна пикириңизди жаздырып коюңуз. Бирөөнү каралаган, кимдир бирөөнүн аброюна шек келтирген, же далилсиз маалыматтар болсо эфирге чыгарылбайт.
XS
SM
MD
LG