Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Йеменде чукул кыраал абалы киргизилди


Президент Али Абдулла Сали 18-мартта Йеменде өзгөчө кырдаал абалын киргизди. Андан алдың өлкө борбору Санаада жума намаздан кийин демонстрацияга чыккан элге коопсуздук күчтөрү менен өкмөттүн тарапкерлери ок атты. Күбөлөрдүн сөзүнчө, октон кеминде 40 киши өлүп, 100дөй адам жарадар болгон.

АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Йемендеги кан төгүүлөргө өкүнүчүн билдирип, саясый кризисти чечүү үчүн эки жакты сүйлөшүүгө чакырды.

Бир айдан ашык мезгилден Санаада жана башка шаарларда бери өлкөнү 32 жыл башкарган Салинин президенттиктен кетүүсүн талап кылган демонстрациялар өтүүдө.

XS
SM
MD
LG