Жарандык коомдун демилгеси менен өткөрүлүп жаткан бул ишембиликке шаардын тургундары, айрым интернет колдонуучулар катышууда. Элүү чамалуу демилгечи топ парктын ичиндеги таштандыларды чогултуп, тазалап жатышат. Мындан сырткары бак тигүү үчүн жерлерди казып даярдашууда. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, бул иш-чарага келгендер колунда бар акчаларын чогултуп көчөт сатып алып, паркка отургузууну көздөшүүдө.
Буга чейин Бишкек шаарынын бир катар тургундары Ата-Түрк паркында бак-дарактар мыйзамсыз кыйылып, турак-жай салынып жатканын айтышып, буга чара көрүү үчүн президентке, премьер-министрге кат жолдошкон эле. (KKs)