Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

Египетте референдум шайма-шай өтүп жатат


Авторитардык бийлик жүргүзгөн Хосни Мубарак феврал айында бийликтен кеткенден кийин, конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча референдумга эл күжүрмөн катышып жаткандыгы кабарланууда. Араб Лигасынын жетекчиси, Египеттин жараны Амр Муса элдин активдүүлүгүнө жогору баа берди. Добуш берип жатып ал «Египеттин эли "ооба", же "жок" деп айтабы, кеп анда эмес, элдин келип жатканы маанилүү» деди. Референдумга коюлган өзгөртүүлөрдүн арасында президенттин кызмат мөөнөтүн эки жолкусу менен чектөө да бар. «Мусулман агаиндер» кыймылы өзгөртүүлөргө колдоо билдирген, бирок демократиялык реформалардын сүрөөнчүлөрү бул өзгөртүүлөр терең болбогондуктан, тескери добуш берүүгө чакырышты. Алар баш мыйзамды толугу менен кайра жазып, бул үчүн жетиштүү убакыт берүүнү талап кылышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG