Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

Союздаштардын учактары Ливиянын аба мейкиндигин көзөмөлдөй башташты


Франциянын президенти Николя Саркози союздаштардын аба күчтөрү Муаммар Каддафиге караган күчтөрдүн козголоңчулар көзөмөлдөгөн Бенгази шаарына кол салуусун болтурбоо ишине киришишкенин билдирди. Париждеги европалык, америкалык жана араб лидерлери менен жолугушуудан кийин сүйлөгөн сөзүндө Саркози эл арлаык коомчулук «Каддафинин кан ичкич келесоолугун» токтотууга аракет кылып жатканын кошумчалады. Кабарларга караганда, бир нече француз учактары Ливиянын үстүнөн уча баштады, ал эми Дания менен АКШнын учактары Италиядагы аба бекеттерине учуп келишти. Бүгүн Каддафинин аскерлери жакындап келген Бенгазиден эл качып жаткандыгы кабарланган.

Ливиялык козголоңчулардын маалымат кызматына ылайык, Каддафинин аскерлери батыш тараптан чабуулга өтүп, кечээ түндөн бери шаарга ок жаадырышты. Ливиянын өкмөтү «аскерлер коргонууга мажбур болуп, бирок убактылуу элдешүүнүн шартын бузган жок» деп ырастады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG