Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:38

Кыргызстан «Кыргызгаздын» акцияларын орус инвесторлоруна сатууга даяр


Бул тууралуу премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен орус өкмөт башчысы Владимир Путиндин Москвадагы жолугушуусунда белгилүү болду. Бул жолугушууларда кыргыз тарап Кыргызстандагы нефть жана газ тармагына орусиялык инвесторлорду тартууга кызыктар экендигин көрсөтүп, «Кыргызгаз» мамлекеттик ишканасынын 75% акцияларын орусиялык инвесторлорго сатууга даярдыгын билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, ишкананын акцияларын сатуу аракетиндеги негизги максат - Кыргызстанга үзгүлтүксүз газдын келишин камсыз кылуу жана өлкөдө газ булактарын издөө иштерин жүргүзүү болуп саналат. (KKs)

XS
SM
MD
LG