Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:32

Бишкекте Ноорузга даярдыктар жыйынтыкталды


Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, 21-мартта Бишкектеги эски аянтта спорттук мелдештер, майрамдык көрсөтүүлөр жана жармаңкелер уюштурулат. Бул өңдүү майрамдык иш-чаралар Ата-Түрк, Панфилов жана Фучик парктарында да өткөрүлмөкчү. Мындан сырткары Бишкектеги Аккула ат майданында көк бөрү оюну уланат. Бардык иш чаралар кечинде майрамдык концерт менен аяктайт. Бул күнү коомдук тартипти камсыз кылууга жетиштүү укук коргоо кызматкерлери тартылат. Ноорузга карата Бишкек шаарын жасалгалоого 975 миң сом сарпталды. (KKs)

XS
SM
MD
LG