Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Йемендин БУУдагы элчиси өз өлкөсүндөгү кырдаалга байланыштуу кызматынан чегингендиги кабарланууда


Батыш кабар агенттиктери Йемендин тышкы иштер министрлигинин аты аталбаган өкүлүнө шилтеме берип кабарлашкандай, Абдулла Алсаиди Йемендин баш калаасы Санаада демонстранттардын атылышына нааразы болуп, кызматынан кетти. Президент Али Абдулла Салехтин колдоочуларын 18-марттагы демонстрациянын мезгилинде 52 кишини өлүмү үчүн айыпташууда. «Йемендин БУУдагы элчиси демонстранттарга күч колдонулушуна нааразы болуп, иштен кетүүгө арыз берди» деп билдирди тышкы иштер министрлигинин өкүлү. Бүгүн баш калаада каза болгондордун 28инин сөөгүн жерге берүү зыяратына көп сандаган киши келди. АКШнын ал-Каидага каршы күрөшүндөгү Жакынкы Чыгыштагы башкы шериктеринин бири болгон президент Салех 2013-жылы кызмат мөөнөтү бүткөнчө иштен кетүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG