Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

Кошмо Штаттары Ливияда Каддафиге каршы операциянын биринчи баскычы ийгиликтүү болгондугун билдирүүдө


АКШ армиясынын башкы штабынын жетекчиси Майкл Муллен бүгүн Ливияга каршы эл аралык операциянын баштапкы фазасы «ийгиликтүү» болду деп ырастады. Муллендин айтымында, Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарында Ливиянын армиясынын жерден чабуулу токтотулду.
Америкалык, европалык аскер күчтөрү Ливияга кечээтен бери абадан жана деңизден чабуул жасашууда.

Союздаштар Ливиянын аба мейкиндегиндеги учууга тыю салынган тилке боюнча Бириккен Улуттар уюмунун көрсөтмөсүнүн негизинде иш алып барышууда. Каддафинин бийлиги кечээ кчинде башталган чабуулда 50гө чукул адам каза таап, 150сү жарадар экендигин билдирди. Ройтерс агенттигинин кабарчысы Бенгазинин жанындагы чабуулда ливия армиясынын ондогон танктары жана башка согуштук унаалары талкалангандыгын бышыктады. Каддафи өлкөнү «колониалдык агрессияга каршы» узак согуш күтүп жаткандыгын эскертип, элге курал таркатылаарын маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG