Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

Йемен президенти өкмөттү кетирди


Йемендин президенти Али Абдулла Салех өкмөттү кызматтан кетирди. Бирок айрым маалыматтарга караганда, министрлер демонстранттарга каршы күч колдонуп, кан төгүлгөнүнө нааразылык билдирүү иретинде кызматтарынан өз ыктыяры менен баш тартып жатышканын жарыялашмак. Өлкөдө бир нече айдан бери президенттин бийликтен кетүүсүн талап кылган элдин чыгуулары токтобой келатат. Жекшембиде Батыштын маалымат агенттиктери кабарлашкандай, Йемендин БУУдагы элчиси 50дөн ашуун кишинин өлүмүнө байланыштуу кызматынан кетип жатканын билдирген. Демонстранттар 18-мартта борбор шаар Санаада коопсуздук күчтөрүнүн окторунан каза табышкан. Кээ бир маалыматтарга караганда, Салехтин өз уруусу да аны бийликтен кетүүгө чакырды. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун кабинетти кызматтан кетирүү менен Йемендеги проблемалар чечилип калбайт деди жана бийликти кеңири диалог баштоого үндөдү. Ал аралыкта Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги өз жарандарына ал өлкөгө барбай туруу кеңешин берди.

XS
SM
MD
LG