Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Адам укугун коргоочулар Сирия бийликтеринин аракетин айыпташты


Кечээ өлкө борбору Дамасктын түштүк тарабындагы Дераа шаарындагы нааразылык акцияларын таратуу үчүн коопсуздук күчтөрү ок ачкан. Анда кеминде бир адам каза тапкан. Мунун алдында, ушул эле шаарда жума жана ишемби күнкү кагылыштар учурунда да бир нече адам мерт болгон. Эл аралык “Хьюман Райтс Уочт” уюмунун Жакынкы Чыгыш бөлүмүнүн башчысы Сара Ли Уитсон Сириянын бийликтерин “уялбастан туруп” жөн-жай тургундарга каршы курал колдонуп жатканы үчүн айыптады. Сирияда президент Башар Ассаддын режимине каршы нааразылык акциялары араб дүйнөсүнүн башка өлкөлөрүндөгү элдик толкундоолордун таасири астында башталды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG