Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливиядагы кырдаалды талкуулайт


Маалымат агенттиктеринин БУУдагы дипломаттарга шилтеме жасап билдиришкенине караганда, Коопсуздук кеңеши бүгүн Ливиядагы кырдаал боюнча жабык эшик артында консультация өткөргөнү жатат. Жыйынды Кеңештин азыркы төрагасы Кытай Ливиянын катынан жана Орусиянын өтүнүчүнөн улам чакырган.

Ливиянын лидери Муаммар Каддафи Батыш өлкөлөрүнүн учактар жана ракеталар менен жасаган соккусун “Ливияга каршы агрессия” деп атап, Коопсуздук кеңеши аны токтотууга милдеткер экендигин билдирген. Батыш өлкөлөрүнүн коалициясы Муаммар Каддафинин күчтөрүнүн абадан коргонуу жайларына БУУнун Коопсуздук кеңешинин өткөн бейшембидеги резолюциясынан кийин сокку ура баштаган.

Коопсуздук кеңеши Ливиянын жөн-жай тургундарын жана Каддафиге каршы чыккан козголоңчуларды өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан коргоо үчүн өз резолюциясы менен Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялаган. Орусиянын премьер- министри Владимир Путин бүгүн Коопсуздук кеңешинин резолюциясын “зыяндуу” жана “толук эмес” деп атап, ал орто кылымдагы көрүнүштү эске салып турганын белгиледи:

- Дегеле бул мага кимдир бирөө, башка бирөөнү белгилүү бир жерге барып, бир нерсени бошотууга үндөгөн орто кылымдагы крестүүлөр жортуулуна чакырыкты эске салып турат.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде вето салуу укугуна ээ Орусия менен Кытай резолюция колго салынганда калыс калышкан.

XS
SM
MD
LG