Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Германиялык фирма "Түштүк агым" долбооруна катышат


Германиянын BASF химиялык компаниясы “Түштүк агым” газ долбооруна катышат. Бул чечим жөнүндө компаниянын жетекчиси Юрген Хамбрехт Москвада орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушууда билдирди. Путин аны кубаттаарын айтты. “Түштүк агым” газ куурун куруу долбоорун Германия өкмөтү да колдойт деди Хамбрехт. Орус вице-премьер-министри Игорь Сечиндин айтымында, BASF долбоордогу 15 процент акциялар үчүн 2 миллиард евро төлөйт. Жаңы куур аркылуу жылына 63 миллиард куб метр газ Орусиядан Батыш өлкөлөрүнө ташылып турмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG