Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

7-апрель окуясы боюнча сот 23-мартта уланат


18-мартта болгон сот процессте Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков төрагалык кылган соттук курам ишти кайра башынан кароого алган. Айыпталуучулардын кимисине кандай айыптар коюлганы тактоого алынып, апрель окуясына “Матрешка гейт” жана “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомунун мыйзамсыз сатылышы боюнча иштер да кошулуп каралмакчы болгон.

18-марттагы соттун жүрүшүндө жабырлануучулардын жактоочулары айыпталгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу өтүнүчүн билдиришкен. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок. Жабырлануучулар бул чечимге макул эместигин айтып, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыла тургандыктарын белгилешкен.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 чиновникке жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө каршы кылмыш иши козголгон. Сот жараяны Бишкектеги спорт сарайында жүрүп, 30-ноябрдын таңында спорт сарайдын жанындагы жардыруудан соң ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

XS
SM
MD
LG