Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:27

Атамбаев Ташиевдин коалиция тууралуу катына жооп берди


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин коалициялык келишим боюнча сунуштары камтылган катына расмий жооп берди. Өкмөттүн маалымат кызматы аркылуу тараган катка ылайык, Атамбаев парламентте башкаруучу коалициянын кеңешин түзүү иштери аяктап калганын, аталган фракциянын сунуштары ошол кеңеште караларын билдирди. Өкмөттүн ишине жооптуу кызматкер катары коалициялык келишим боюнча айрым сунуштарын колдой турганын айтуу менен, "атажуртчулардын" айрым сунуштары Баш мыйзамга жана азыркы мыйзамдарга кайчы келерин айтып, аларды логикага сыйбайт деп мүнөздөдү. Атамбаев ал маселелер Жогорку Кеңеште мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен чечилиши зарыл деп белгилегени менен, сөз кайсы сунуштар тууралуу жүрүп жатканын ачыктаган эмес.

Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясы коалициялык келишим боюнча сунуштары камтылган катты премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жөнөткөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракция лидери Камчыбек Ташиев билдирген. Катта кадр саясатын калыс жүргүзүү, кеңейтилген коалиция жана коалициянын кеңешин түзүү, стратегиялык маселелерди дал ошол кеңеш аркылуу чечүү сыяктуу сунуштар айтылган. Ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды жөнгөрүү үчүн орчундуу маселелерди чукул арада чечүү керектиги белгиленген.

11-мартта башкаруучу коалицияны түзгөн Жогорку Кеңештеги үч фракция чукул жыйынга чогулган болчу. Анда “Ата Журт” фракциясы бир катар талаптарды айтып, аны аткарууга өкмөткө 22-мартка чейин убакыт берген эле. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG