Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Камбар-Ата-2 ГЭСин курууга Орусия мурдагыдан көп каражат берет


Энергетика министри Аскарбек Шадиев бүгүн маалымат жыйында Камбар-Ата-2 ГЭСин куруу боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимди ишке ашыруу кайра жанданганын билдирди. Макулдашуунун баштапкы шарттарына ылайык, 1 миллард 700 миллион доллар эмес, инвестициялык каражатты 4 миллиард долларга чейин көбөйтүү жагы каралып жатканын айтты. Министр келишимди ишке ашыруу шарттарын жана мөөнөтүн аныктоо максатында жакында Орусиядан атайын делегация келерин маалымдады.

Камбар-Ата-2 ГЭСин куруу боюнча келишимге 2009-жылы 3-февралда мурунку президент Курманбек Бакиевдин Орусияга жасаган сапары учурунда кол коюлган. Бирок эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин соолгундап кеткенине байланыштуу каражат берилбей келген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG