Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Жапония ядролук алааматка каршы күрөштү улантууда


11-марттагы жер тербетүү жана цунамиден жабыркаган “Фукусима” атомдук электр станциясынын бузулган реакторлорунан түтүн жана буу абага кайра көтөрүлүүдө. “Фукусима-Дейчи” АЭСинин жумушчулары реакторлордун нурлануусун азайтуу үчүн аларды муздатууга аракет кылышууда. 21-мартта инженерлер АЭСтин бардык алты реактору токко уланганын кабарлашкан.

Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Юкио Амано “кризис оң жөндөлөрүнө” ишенгенин жана МАГАТЭ “балким ядролук коопсуздукту кайра кароо зарыл” болорун уюмдун 22-марттагы жыйынында айтты.

Өткөн аптадагы табигый апаатта, соңку маалымат боюнча, 8900 киши өлгөн, 12 600дөй адамдын тагдыры беймаалым.

XS
SM
MD
LG