Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

Президент Кара-Кулжада дарыгерлер маселесин талкуулады


Президент Роза Отунбаева Оштогу иш сапарынын алкагында бүгүн түштөн кийин Өзгөндөн Кара-Кулжа районуна келди. Кабарчыбыздын маалымдашынча, мамлекет башчы райондук ооруканада дарыгерлер менен жолугуп, маселелерин укту. Жолугушууда дарыгерлер ооруканада рентген аппаратынын эскилиги жеткенин, район боюнча бир эле педиатр калганын, тоолуу айылдарда дарыгерлер таңсык экенин айтышты. Отунбаева андан соң райондук китепканада болду. Китепканын алдында президентке көйгөйлөрүн айтууга келген эл менен учурашып гана кеткенине чогулгандар нааразы болушту. Бүгүн президенттин Оштогу 2 күндүк иш сапары соңуна чыгууда. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG