Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Беларус Батышка кошуп АКШга да жооп берди


Беларус Батыштын сындоосуна жана санкциясына жооп кылып, Евробиримдик менен АКШнын ырасмий адамдарынын өлкөгө кирүүсүнө тыйуу салды.
Беларустун тышкы иштер министрлигинин 22-мартта маалымдашынча, тизмеге “Беларуска каршы бузуку иш чараларды кабыл алчу адамдар” киргизилген. Бирок, алардын тизмеси жарыялана элек.

Европа Биримдиги январда президент Александр Лукашенко жана башка 157 жооптуу аткаминердин уюмга мүчө 27 өлкөгө кирүүсүнө тыйуу салып, айрым мүлктөрүн тоңдурган.
Кечээ 21-мартта бул чара кошумча дагы Беларустун 19 ырасмий адамына жайылтылган. Мындай чара 2010-жылдын декабрындагы талаштуу президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан оппозициячыл демонстрация күч менен айоосуз тарткатылгандан соң кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG