Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Түркия Ливиядагы аскердик иш-аракеттерге катышпайт


Ливиядагы гуманитардык иш-аракет БУУнун канаты астында өткөрүлүшү керек жана Түркия Ливиядагы аскердик иш-аракеттерге катышпайт. Мындай билдирүүнү Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган 22-мартта өзү башындагы Адилеттик жана өнүгүү (АК) партиясынын парламенттеги мүчөлөрү менен болгон кездешүүдө айтты:

- Түпкү максат - Ливия элинин жыргалчылыгы жана өлкө ичиндеги тынчтык экенин көрүп жатабыз жана ага жетишүү боюнча өз аракетибизди улантабыз. Түркия Ливия элине курал кезегендердин катарында эч качан болбойт.

Эрдогандын сөзүнчө, Түркия өз позициясын НАТОнун Ливиядагы кырдаал боюнча өтө турган жыйынында да ортого салат. 21-мартта Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Даудоглу НАТОнун ливиялык жарандарды коргоодон тышкаркы операцияларын "мыйзамдуу” деп атоого болбойт деп билдирген.

XS
SM
MD
LG