Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:33

НАТО Ливияга каршы киргизилген курал эмбаргосун көзөмөлдөйт


Коалиция күчтөрү Ливиянын абадан коргонуу объекттерине, деңиздеги аскерий базаларга, аэропортторго жана Муаммар Каддафинин армиясынын турумдарына сокку урууну улантууда. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен альянс Ливияга курал ташууга тыюу салган эмбаргонун аткарылышын катуу көзөмөлдөйт деди:

- НАТО курал эмбаргосунун аткарылышын камсыздоо үчүн атайын операция баштоодо. Бардык өнөктөштөр Ливиядагы карапайым элге каршы зомбулукту токтотууну көздөгөн БУУнун резолюциясынын алкагында өз милдеттенмелерин аткарууга даяр.

Кечээ Вашингтон Франция, Британия жана АКШ Ливиядагы операцияда НАТО негизги ролду ойноого тийиш деп макулдашышканын билдирген. Ошол эле күнү Франциянын тышкы миштер министри Ален Жюппе парламентте сүйлөп, Париж менен Лондон коалиция өлкөлөрү жана Араб Лигасынын тышкы иштер министрлеринен турган “башкаруу саясий органын” түзүү жөнүндө келишимге жетишкенин айтты. Ал аралыкта Каддафи түз эфирдеги телекайрылуусунда күрөштү уланта берээрин, коалицияны жеңээрин айтты. Мисрата, Зинтан жана Яфран шаарларында оппозиция менен Каддафиге ыктаган адамдар ортосунда кагылышуулар болгону кабарланууда.

XS
SM
MD
LG