Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Фидел Кастро партия жетекчилигинен кеткенин моюнга алды


Фидел Кастро 5 жыл мурун эле бардык расмий кызматтарынан, анын ичинде Куба Коммунисттик партиясынын башчылыгынан чегингенин айтты. 84 жаштагы Кастро 1965-жылдан бери башкарып келаткан партиянын жетекчилигинен кеткенин алгачкы жолу расмий моюнга алды. Партиянын интернеттеги барагында Кастро дагы эле анын лидери деп аталып келет. Бир аптадан кийин башталып жаткан коммунисттердин конгрессинде жаңы жетекчи тандалат деп күтүлүүдө. Божомолорго караганда, ал – Кастронун иниси Раул болмокчу.

XS
SM
MD
LG