Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

Нарында Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун баш катчысына каршы нааразылык иш-чарасы өттү


Акция уюмдун Нарын аймактык кеңсенин алдында өтүп, ага ошол эле мекеменин жана карылар үйүнүн кызматкерлери жана карылар катышты. Алар баш катчы Равзы Шаяхметовага "төрт айдан бери кызматкерлердин маянасын төлөбөй жатат" деген доомат коюшту. "Кызыл Жарым Ай" Коому негиздеген карылар үйүнүн башкы эмчи айымы Жылдыз Жумагулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, баш катчы аталган аймактык уюмдун кызматкерлерине жана карылар үйүнүн муктаждыктарына багытталган долбоордун акчасын төрт айдан бери бербей келатат.

Долбоор нидерландиялык "Кызыл Чырым" коомуна таандык. Эки жылга чектелген долбоордун мөөнөтү быйыл 31-декабрда аяктамак. (ErB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG