Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоо иштерине байланыштуу Кууакы ашуусундагы унаа жолу 1-апрелден 1-ноябрга чейин жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди. Жол жабык убакытта Нарынга Балыкчы-Кочкор аркылуу каттай алышат. (EBM)