Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Кыргыз-орус өкмөттөрүнүн экономикалык форуму өтүп жатат


Бишкекте өтүп жаткан жыйында Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, бул талкуу өлкөнүн экономикалык өнүгүшө чоң өбөлгө болоорун айтты. Жыйындын алкагында эки өлкө ортосундагы бир топ экономикалык маселелерди чечип калууга үлгүрүү керектигин билдирди. Атамбаев соңку 10-15 жылдын аралыгында эки өлкө ортосунда бир канча келишимдерге кол коюлганын, бирок мурдагы бийликтин саясий оюндарынан улам ишке ашпай келгенин белгиледи.

Орус делегациясын президент Дмитрий Медведевдин аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча бөлүм башчысы Сергей Винокуров баштап келди. Винокуров өз сөзүндө Кыргызстандагы айрым экономикалык пландарды ишке ашырууга коомдук-саясий туруктуулук гана жетишпей жатканын белгилеп өттү. Форумга Кыргызстандын бардык облустарынын жетекчилери, Орусиянын 10дон ашык аймактарынын башчылары катышууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG