Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

НАТО кемелери Ливиянын жээгин көзөмөлдөй баштады


Ливиядагы аскерий операцияга ким жетекчилик жасашы керек деген маселе НАТОнун алкагында талкууланууда. Альянстын кемелери Ливиянын жээктерин көзөмөлдөөгө киришти.

НАТОдогу генералдардын билдиргенине караганда, уюмга мүчө өлкөлөр Жер Ортолук деңизин көзөмөлдөө үчүн 16дай кемесин сунуш кылышты. Маселен уюмдагы жалгыз мусулман өлкө Түркия “Бирдиктүү коргоочу” деп аталган операцияга катышуу үчүн алты аскерий кемесин сунуш кылган. Алардын бири - суу алдында жүрүүчү кеме. Мындан сырткары өз кемелерин Британия, Канада, Греция, Италия, Румыния, Испания, АКШ сунуш кылышты.

НАТОнун басма сөз катчысы Оана Лунгескунун айтымында, аскер-деңиз күчтөрүнүн “Бирдиктүү коргоочу” операциясы Ливияга курал-жарактын жана жалданма согушкерлердин агымын токтотуу үчүн маанилүү. Мындай көрүнүш уланып жаткандыгын чалгын кызматтары билдирүүдө.

Талкуулар токтой элек

НАТОнун басма сөз катчысы белгилегендей, альянстын БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясында каралгандай, Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак катары сактоодогу ролу боюнча талкуулар али уланууда:

- Бул планды активдештирүү боюнча консультациялар азыр 28 мүчөнүн ортосунда жүрүп жатат. План ишке кирүүсү үчүн 28 өлкөнүн ичинде мунаса табылышы керек.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен
Мунун алдында, 22-мартта НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен уюмга мүчө өлкөлөр Ливиянын аймагында БУУнун резолюциясынын аткарылышына жардам берүүчү планды даярдоону аяктагандыгын билдирген.

Бирок уюмдун Франция жана Түркия сындуу мүчөлөрү Ливия лидери Муаммар Каддафинин күчтөрүнө каршы аба соккуларына НАТО гана жетекчилик жасоосун толук колдобой турат. Маселен француздардын жүйөсүнө караганда, Батыш өлкөлөрүнүн желеги астында жүргүзүлүүчү операция араб дүйнөсүндө терс кабыл алынышы мүмкүн. Мындан улам Франция аскерий операцияга саясий көзөмөл жүргүзүү үчүн коалицияга катышкан өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери кирген атайын комитет түзүүнү, ага араб өлкөлөрүн да катыштырууну сунуш кылууда.

Чечүүчү ролдун орду

Француз тышкы иштер министри Ален Жюпенин билдиргенине караганда, НАТО эл аралык коалициянын Ливиядагы операциясына “саясий жетекчилик” кылбайт. Түндүк атлантикалык альянстын бул операциядагы вазийпасы аскерий милдеттерди координациялоодо жатат.
Биз бул тарыхый кармашка катышабыз. Биз багынып бербейбиз.

Муаммар Каддафи


22-мартта Ак үй жарыялагандай, президент Барак Обама француз президенти Николя Саркози, британ премьери Дэвид Камерон менен Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин күчтөрүнө каршы аскерий өнөктүктө НАТО “чечүүчү роль” ойноосу керектигин макулдашкан. Обама өзү Сальвадордогу сапары учурунда, абадан жүргүзүлүп жаткан операцияга жетекчиликти Вашингтон НАТО боюнча өнөктөштөрүнө алдыдагы күндөрү өткөрүп берерин айтты:

- Бизде уникалдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Биз майданга өтө оор, олуттуу учурда, биздин аскерий кызматчылар үчүн тобокелчилик чоң кезде келдик. Өткөрүп берүү ишке ашкан кезде учууга болбой турган режимди биздин учактар камсыздабайт.

АКШ президенти кошумчалагандай, өнөктөштөр Ливияда учууга болбой турган аймакты түзүү жана өлкө жарандарын Каддафинин күчтөрүнөн коргоо максатына жеткендигин жакын арада жарыялай ала тургандай болушу керек.

Барак Обама буга катар Муаммар Каддафи бийликтен кетмейинче өзү эли үчүн коркунуч туудура берерин эскертти.

Каддафи жеңишке ишенет

Ливия лидери Муаммар Каддафи болсо коалициялык күчтөрдүн абадан ага каршы жүрүп жаткан аскерий операциясына башкача мүнөздөмө берүүдө. Ал 22-мартта Триполидеги Баб-Азизия комплексинен аз сандагы жактоочулары алдында сүйлөгөн учурунда акыр-аягында жеңишке жетүүнү убада кылып, урушка “ислам армияларынын” баарын катышууга үндөдү:

- Бул кресттүүлөрдүн жаңы жүрүшү, исламга каршы кресттүү жүрүш. Ислам кайсы жерде болбосун жашасын! Урушка ислам армияларынын баары катышат. Биз бул тарыхый кармашка катышабыз. Биз багынып бербейбиз. Бул адилетсиз агрессияга каршы бүткүл дүйнөдө демонстрациялар өтүүдө. Ливиянын улуу эли, сиздер азыр даңктуу сааттарды баштан кечирип жатасыздар!

Муаммар Каддафи жактоочуларынын алдында сүйлөөдө, 23-март, 2011-жыл
Батыш өлкөлөрүнүн согуштук учактары өткөн беш күн ичинде Ливиянын аймагына 300дөн ашуун учуу жасады. Мындан сырткары кемелерден 160тан ашуун ракета атылды. Бутага Муаммар Каддафинин күчтөрү, абадан коргонуу обьекттери, деңиз базалары, аэропорттор алынууда.

Аба соккулары Каддафинин учактарынын абага көтөрүлүшүнө жол бербей, ал эми аскерлеринин козголоңчулардын башкы таяныч бекетине айланган Бенгази шаарына чабуул жасашына жол берген жок. Бирок ошол эле учурда ансыз деле начар куралданган жана уюшулбаган козголоңчулар Аждабия деген шаардын жанынан каддафичил күчтөрдүн жолун тосо алган жок.

Маалыматтарга караганда, коалициянын учактары батыштагы Мисрата шаарынын айланасынан Каддафинин танктары менен артиллериясынын "жаагын жап кылды". Жергиликтүү тургундардын айтымында, өкмөттүк күчтөрдүн курчоосунда калган бул шаарда бир нече күндөн бери ичүүчү суу тартыш, азык-түлүк түгөнүүдө, жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлгөн жок.

23-мартта Каддафинин күчтөрү менен козголоңчулар ортосундагы уруш Тунис менен чек арадагы Зинтан, борбор Триполинин түштүк-батыш тарабындагы Яфран шаарларында орун алганы кабарланды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG