Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Акмат Бакиевдин соту 25-мартта уланат


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевдин соту 25-мартта уланат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирет. Мурдагы териштирүүлөрдө судья Акмат Бакиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды канааттандырган эмес.

Акмат Бакиевге 2010-жылдын май айында "массалык башаламандыктарды уюштурган", "бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонгон", "жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган", "атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн", "зордук-зомбулук менен башкалардан акча өндүргөн" деген айыптар тагылган. Ал жана анын адвокаттары коюлган айыптар менен макул эместигин билдирип келатышат. Бул ишти Жалал-Абад шаардык соту Бишкектеги Аскер сотунун имаратында карап жатат. (IJz)

XS
SM
MD
LG