Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

НАТО Ливиядагы аскерий операцияга жетекчилик кылууну чече элек


НАТО Ливиядагы аскерий операцияга жетекчилик кылуу вазийпасын өзүнө алуу маселесинде мунасага келе алган жок.

Дипломатиялык булактардын ырастоосунда, андай чечимдин кабыл алынышына Түркия каршы чыкты. Расмий Анкара коалициянын аба соккулары резолюциянын чегинен чыгып кетти деген пикирде. Ошол эле маалда Түркия курал эмбаргосунун аткарылышын көзөмөлдөө үчүн согуштук 5 кемесин жана суу астында сүзүүчү 1 кемесин жиберүүгө макул болду.

Франция саясий жетекчиликтин НАТОго берилишине каршы болууда.
Кечээ кечинде эл аралык коалиция Ливиянын аскерий объекттерине соккуларын жандантты. Айрым кабарларга караганда, өкмөттүк аскерлер Мисарата шаарынан чегинүүгө аргасыз болушту. Баш калаа Триполиден алыс эмес Тажура чөлкөмүндөгү аскерий базада катуу жарылуу болгону кабарланууда. Ливиянын мамлекеттик телеканалы “оторчулар Тажурада коомдук жана аскерий жайларды бомбалап жатышканын” маалымдады.

XS
SM
MD
LG