Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Ливияга абадан сокку уруу улантылат


Франциянын Rafale согуштук учактары Корсикадагы аэродромго конууга камданууда. 23-март, 2011
Франциянын Rafale согуштук учактары Корсикадагы аэродромго конууга камданууда. 23-март, 2011

Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин аба күчтөрү жана абадан коргоо системасы жок кылынды. Бирок эл аралык коалициянын маалымдашынча, жарандарды өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан коргоо үчүн жердеги аскерлерге сокку урулууда.

Кабарларга караганда, Каддафиге ишенимдүү күчтөр менен көтөрүлүшчүлөрдүн салгылашуулары уланууда.

Ливия абадан сокку урууну токтотууну өтүңдү

Ливиянын маанилүү аскерий объектилерине эл аралык коалициянын авиациясы алтынчы түн катары менен абадан чабуул жасады. Триполидеги күйүүчү май сакталчу терминалга сокку урулуп, бир нече жардыруу болгону маалымдалды.

Күбөлөрдүн айтышынча, Триполинин чыгыш
Ливия армиясынын Триполи жана Бани Валид шаары ортолугундагы өңүтү. 23-март 2011
ныптасындагы Тажурадагы аскерий базада да катуу жарылуу болгон.

Өкмөттүк ЖАНА (JANA) агенттигинин кабарлашынча, Тажурада аба чабуулунан карапайым адамдар “көп санда” курман болгон. Ливиянын тышкы иштер министринин орун басары Халед Кайым 23-мартта түндө коалициядан абадан сокку урганды токтотууну суранды:

- Бүгүнкү абадан сокку уруулар карапайым жарандарды жана аскер адамдарын ылгабады. Улуттук диалогду баштоо жана жашоо кадыресе нукка түшүүсү үчүн аба чабуулу шыр токтотулуш керек.

Кабарларда Батыштагы Мисрата шаардык ооруканасы тарапты Каддафинин күчтөрү танктардан аткылаганы, аскерий снайперлер элге башаламан ок чыгарганы айтылууда.

Козголоңчулардын ээлигиндеги Мисратка кирип барган танктар эл аралык колициянын аба чабуулунан кийин артка чегингенин күбөлөргө шилтеп Батыш агенттиктери кабарлады.

Чыгыштагы маанилүү Аждабия шаарында да согуш жүрүүдө.

Франциянын тышкы иштер министри Ален Жюппе 24-мартта билдиргенге караганда, Ливияга абадан сокку уруу “ийгиликтүү” болгон жана “зарыл болгончо улантылат”:

“(Ливиянын аскерий кубаты) негизинен талкаланды. Абадан коргонуу системасынын баары же көпчүлүк бөлүгү жок кылынды. Авиациясы иштен чыгарылды, учактары же тикучарлары аз эле болчу. Оорукананы бомбалоо бул режим канчалык ырайымсыз экенин, андайга эл аралык коомчулук чыдабасын күбөлөйт. Биз абадан чабуулду улантабыз”,-деди Ален Жюппе француздардын RTL үналгысына курган интервьюда.

Ливиянын өкмөттүк телеканалы Муаммар Каддафинин Триполидеги мурдагы резиденциясында топтолгон элге кайрылуусун көрсөтүүдө. 23-март, 2011
Соңку 24 саатта Ливиянын аба күчтөрү асманга көтөрүлбөгөнүн америкалык миссиянын штаб акими Жерард Хьюбер 24-мартта билдирди. Контр-адмиралдын сөзүнчө, коалициянын учактары “Каддафинин шаарларга коркунуч туудурган жердеги аскерлерине кысым көрсөтүүдө”.

Бутага каддафичилердин моторлуу аскерий техникасы, жылып ракета атчу комплекстери жана аскерлерди камсыздоо кызматтары алынууда. Хьюбердин маалымдашынча, акыркы 24 саатта альянстын учактары абага 175 жолу көтөрүлсө, алардын 113ү же үчтөн экиси АКШнын учактары болду.

Ливиядагы операцияны ким жетектери талаш

Эл аралык альянс Ливиядагы аскерий операцияны баштаганына алты күндүн жүзү болгону менен миссияны кайсы өлкө жетектери али тактала элек. Вашингтон жетектөөчү вазийпасын тез арада өткөрүп берүүгө куштар экенин айткан. Ырас, АКШ, Франция жана Британия операцияда НАТО "негизги ролду аткарыш керек" экенине макулдук берген. Эми НАТОго мүчө 28 өлкө макулдугу керек. Бул маселе бейшемби-жума күндөрү саммитте чечилүүгө тийиш.

БУУнун мандаты боюнча жүрүп жаткан операциядагы НАТОнун милдети боюнча альянстын мүчөлөрү арасында да толук биримдик жок болууда. Түркиянын көз карашында, НАТОнин вазийпасы - БУУнун резолюциясын аткарып, Ливиянын аба мейкиндиги “учактарга жабык зона” болуусун камсыздоо. Тактап айтканда, жарандарды Каддафиге ишенимдүү күчтөрдөн коргоп, аскерий эмбаргонун аткарылышын жана гуманитардык жардамдарды камсыздоо болууга тийиш.

“Коалициянын күчтөрү параллелдүү жана бөлөк-бөлөк операция жүргүзүп жатканда, экинчи жактан, НАТОнун берегидей миссияны аткаруусу ылайыксыз деп эсептейбиз”,-
деп билдирген Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давудоглу 23-мартта.

Анткен менен Түркиянын согуштук кемелери БУУнун аскерий эмбаргосун аткаруу үчүн НАТОлук кемелер менен чогуу Ливиянын жээгин күзөтө баштады. Максат - Каддафинин режимине курал өткөрбөө.

XS
SM
MD
LG