Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Ливияда Каддафинин күчтөрү чабуулун улантууда


Ливиядагы аскерий операцияларга катышып жаткан британ аба күчтөрүнүн командири Муаммар Каддафинин учактары аба мейкиндигине көтөрүлбөй калганын билдирди. Бирок Каддафинин армиясынын танктары козголоңчулар ээлеп алган Мисрата шаарында сокку уруп жатканы айтылууда. Шаардын жашоочулары танк менен артиллерия имараттарды талкалап, көзгө атарлар карпайым адамдарды бутага алып «кыргын» салып жатканын кабарлашты.

Жергиликтүү оппозициялык ишмер эртең менен шаарда 16 киши өлтүрүлгөндүгүн айтты. Зинтан шаарында дагы 6 киши набыт болгон. Эл аралык коалициянын учактары Триполи шаарына чукул жердеги жана Мисрата шаарынын сыртындагы Каддафинин аба күчтөрүн бомбалады.

Ал ортодо Брюсселде НАТОго мүчө 28 мамлекеттин элчилери жолугуп, Улуттар Уюмунун Ливия боюнча резолюциясына ылайык НАТОнун аскерий операцияларга канчалык катыша алаарын талкуулайт.

XS
SM
MD
LG