Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Кыргызстанда “Уикипедия” жумалыгы өтөт


“Кыргызстан-Сорос” корунун колдоосу алдында Кыргызстанда 28-марттан 1-апрелге чейин “Уикипедия” интернеттеги энциклопедиясынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу аталган кор жарыя кылат.

“Уикипедия” жумалыгына адис катары “Азаттык” үналгысынын веб-редактору, кыргызча “Уикипедияга” эң көп макала жазгандардын бири Тынчтыкбек Чоротегин чакырылган. Бир апта ичинде Т.Чоротегин өлкөдөгү беш жогорку окуу жайда студенттер жана илимий чөйрөнүн адамдары үчүн “Уикипедия” тууралуу дарстар окуп, аталган интернет энциклопедиясына маалымат жазуу боюнча практикалык окууларды өткөрөт.

Жумалык маалында “Кыргызстан-Сорос” кору кайрымдуулук иш-чарасын жүзөгө ашырып, бир катар университеттердин студенттик китепканаларында интернеттик бекер wi-fi (вай-фай) байланышын орнотуп бермекчи.

Кыргызстанда интернет кошуна өлкөлөргө караганда кеңирирээк жайылганы айтылса да, “Уикипедияга” маалымат калтыруу жагынан ошол эле коңшу мамлекеттер алдыда. (IJz)

XS
SM
MD
LG