Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:44

Окуу жайларды wi-fi интернет менен камсыздоо пландалууда


“Сорос Кыргызстан” кору май айына чейин окуу жайларды wi-fi интернет менен камсыздоону пландоодо. Бул тууралуу аталган кордун Маалыматтык программаларынын координатору Марат Жаанбаев билдирет.

План боюнча wi-fi менен Улуттук университет, Эл аралык университет, Кыргыз техникалык университети, Ош мамлекеттик университети жана Нарын мамлекеттик университети камсыздалмакчы.

Бирок Билим берүү министринин орун басары Борис Кубаев бул боюнча kloop.kg интернет булагынын суроолоруна жооп берип, wi-fi интернет окуу процессине тоскоол болорун, эл аралык уюм министрликтин макулдугусуз мындай чараларды жасабашы керектигин билдирген. “Сорос Кыргызстан” корунун эксперттери мындай реакцияны “советтик доор” менен салыштырып, дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайлар эбактан wi-fi интернет менен камсыз болгонун, бул тескерисинче окуу процессине жардам берерин айтышууда.

Кыргызстанда wi-fi интернет менен Борбор Азиядагы Америка университети менен кыргыз-түрк “Манас” университети камсыз болгон. (IJz)

XS
SM
MD
LG