Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Бүгүн Акмат Бакиевдин соту уланат


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевдин соту бүгүн уланат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирет. Мурдагы териштирүүлөрдө судья Акмат Бакиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды канааттандырган эмес.

Акмат Бакиевге 2010-жылдын май айында "массалык башаламандыктарды уюштурган", "бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонгон", "жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган", "атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн", "зордук-зомбулук менен башкалардан акча өндүргөн" деген айыптар тагылган. Ал жана анын адвокаттары коюлган айыптар менен макул эместигин билдирип келатышат. Бул ишти Жалал-Абад шаардык соту Бишкектеги Аскер сотунун имаратында карап жатат. (IJz)

XS
SM
MD
LG