Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Алты абакта жапырт ачкачылык жарыяланды


Жаза аткаруу кызматынын билдиришинче, учурда Кыргызстандагы алты: Чүйдөгү №1, 5, 8 жана 16чы, Оштогу №3 жана Жалал-Абаддагы №10 абакта отургандар жапырт ачкачылык жарыялашты. Аталган кызматтын жетекчисинин орун басары Калыбек Качкыналиев бул акцияга дагы башка түрмөлөр кошулушу ыктымал экенин билдирди. Качкыналиев жазасын өтөп жаткандар уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрү тынбай кармалып жатканына нааразы болуп жатышканын, мунун артында кылмыш дүйнөсүнүн ана башы аталган, издөөдө жүргөн Камчы Көлбаев турат деп маалымдады. Учурда ачкачылык жарыяланган абактарда акцияны токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG